Бишкекте опузалап акча талап кылган шектүү кармалды (видео)
Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 2-февралда Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-январда Октябрь районунун милициясына Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар коркутуп, анын сүйлөшкөн кызынын карызы бар деген шылтоо менен 150 миң сом талап кылып жаткандыгын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1994-жылы туулган Ч.Т. аныкталып, 80 миң сом алып жаткан учурда кармалган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бишкекте опузалап акча талап кылган жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















