Чүйдө тургундун унаасын алдап алып кеткен шектүү кармалды
Чүй облусунун аймагында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул боюнча 2-февралда облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.Белгилүү болгондой, милицияга 18-ноябрда 36 жаштагы К.Т. аттуу жаран кайрылып, А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 27-октябрында аталган жаран сатып алуу шылтоосу менен ишенимге кирип, баасы 250 000 сом турган Mercedes-Benz 124 үлгүсүндөгү унаасын алдап алып, белгисиз тарапка из жашырган.
Бул факт катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү аталган унааны үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган. Унаа алынып, буюм далили катары таанылган.
Териштирүү иштери улантылууда.
Аталган жарандан жабыркагандар болсо, Москва РИИБиге же төмөнкү телефон номерлерине кайрылууга болот: 0312 60-77-27, 0701 15-96-54.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















