super.kg logo
  Саясат  

Дин боюнча эксперттердин тобу: “Муфтийликке талапкердин шарият жаатында жогорку билими болушу негизги шарттардын бири”

 

Бүгүн, 22-январда, маалымат жыйынында дин боюнча эксперттердин тобу 8-февралда өтө турган Курултайга байланыштуу негизги талаптарды сунуштады.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун айтымы боюнча, муфтийликке шайлоо ачык, сынак түрүндө өтүшү керек. Талапкердин шарият жаатында жогорку окуу жайды бүтүргөндүгүн аныктаган диплому болушу негизги шарттардын бири. Андан тышкары ал өзүнүн программасын алдын ала элге сунушташы керек жана сырткы күчтөрдүн таасиринен көз карандысыз болушу зарыл.

Тарыхий илимдеринин доктору Назира Курбанованын айтымында, 2010-2014-жылдардын аралыгында 5 муфтий алмашкан. “Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгынын системинде терең реформаларды жүргүзүш керек. Андан соң аталган мекеменин жаңы уставын кабыл алуусун сунуштайбыз”,- деп кошумчалады Назира Курбанова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: