super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 2-февралдан 8-февралга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Февраль айы кой жылдызындагылар үчүн ийгиликтүү башталат. Айрыкча технология, илимий изилдөө жаатында эмгектенгендер үчүн жемиштүү апта. Чакан бизнес баштайм деп ойлонуп турган болсоңуз, ушул күндөрү оюңузду ишке ашырганга аракет кылыңыз. Сүйүү мамилесинде чыдамкай болуңуз, түгөйүңүзгө басым кыла берсеңиз тескери эффект алышыңыз мүмкүн. Кандай маселе болбосун ишенимдүү достордун жардамына, кеңешине кайрылганыңыз туура болмокчу.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Бул күндөр түркүн түскө толгон окуялар, кызыктуу көз ирмемдер менен өтүшү күтүлөт. Жумуштан баштап жеке жашоого чейин чыгармачыл, романтикалык көз караш менен карайсыз. Мурда билинбей келген нерселер көзүңүзгө жакшы көрүнө баштайт. Бирок чыгымдарга кылдат көңүл буруңуз, эйфорияга түшүп кетип болгон акчаңызды коротуп салбаңыз. Жеке мамиледе сезимтал болуп, сүйүктүүңүздүн эмне каалап турганын алдын ала билип, тапсаңыз, жеңиш сиздики.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү сизге жардам бергиси, колдогусу келген адамдар көп болот. Шаршемби, бейшемби күндөрү жасай турган ишиңизге көңүл буруп, жалгыздыкта баарына анализ жүргүзө аласыз. Аптанын экинчи жарымында энергияңыз толуп, мурда бүтпөй келген иштерди да колго алып, жумуш жасоого илхомуңуз ойгонот. Мындан пайдаланып үй-тиричиликтеги иштерди да жасап салыңыз. Дем алыш күндөрү конокко чакыруу аласыз же сиздин үйгө конок келиши күтүлөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Карама-каршылыктарга чулганган апта. Бир туруп баарын таштап салгыңыз келсе, бир туруп тоону томкорчудай жаңы идеялар жаралат. Жумушта оюңуз бир жерге топтолбой, чар-жайыт абалда болот. Андыктан бул күндөрү олуттуу чечимдерди кабыл алгандан алыс болуңуз. Сүйүү талаасында түгөйүңүздөн сюрприз күтө берсеңиз болот. Аптанын экинчи жарымында кыска аралыкка болсо да сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Апта соңу аласа-бересе иштерин бүтүргөнүңүз оң.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Буга чейин маңдай терин төгүп иштеп келген арстандар февралдын башында эмгегинин жемишин көрө алышат. Капчык калыңдап, көңүл жайлайт. Керектүү буюм-тайым же кыймылсыз мүлк сатып алышыңыз мүмкүн. Жаныңыздагы адамдарга көз сала жүрүңүз, баары эле сизге оң көз карашта эмес деп эскертишет жылдыздар. Анан да суукта баш кийим кийгенди унутпаңыз, болбосо суукка урунуп, гайморит жана башка ооруларга кабылуу коркунучу бар. Дем алышты үй-бүлө мүчөлөрүнө арнаңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Кыйынчылыктар, жагымсыз мүнөттөр кездешет, бирок анын баарын жеңгенге сизде күч жетиштүү болот. Негизгиси паникага алдырбаңыз, ашыкча сүйлөбөгөнгө, ашыкча эмоция билдирбегенге аракет кылыңыз. Аптанын ортосу сиз үчүн чоң орду бар адам менен жагымдуу баарлашуу орун алат. Аптада жеген тамак-ашыңызга көңүл буруп, майлуу, туздуу, фаст-фуд азыктарынан баш тартыңыз. Дем алыш күндөрүн жалгыздыкта өткөргүңүз келет, бирок досторуңуздун планы башка...

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жакшы апта күтөт. Шаршемби күнгө чейин документ иштерин колго алсаңыз, узун кезектен өтүүгө туура келсе да, баарын бүтүрө аласыз. Жума күнү маектешүүнүн арты күтүүсүз түшүнбөстүктөр менен аякташы мүмкүн. Туугандар арасында сиздин катышууңуз талап кылынган иш-чара орун алат. Гардероб маселеси алдынкы планга чыгып, жаңы кийимдерди сатып алышыңыз ыктымал. Дем алыш күндөрү романтика үчүн ылайыктуу, сүйгөн адамыңызды жолугууга чакырыңыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Эгер баарын өз күчүңүз менен чечкен адам болсоңуз, аптанын биринчи жарымы сиз үчүн ийгиликтүү болот. Маанилүү иштерди бейшембиге чейин чечкенге үлгүрүп калыңыз. Андан кийинки убакытта так маалыматтын жетишсиздигинен кандай чечим кабыл аларыңызды билбей арсар абалда болосуз. Жакындарыңыз үйүңүзгө баш багып, жакшы жаңылыктары менен кубантышат. Аптанын экинчи жарымы жагымдуу адамдар менен жолугушууларга бай болмокчу.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаачыларга февраль айы көптөгөн позитивдүү эмоцияларды тартуулайт. Дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби күндөрү фокусту баарлашууга буруңуз. Сөз арасында өзүңүзгө керектүү жоопторду таба аласыз. Бул убакытты көбүрөөк жеке жашооңузга бурганыңыз жакшы, анткени бойдоктор үчүн түгөй табуу мүмкүнчүлүгү жогору болуп турат. Жумушта айрым кесиптештерге көз сала жүрүңүз, сизди көрө албаган адам бар. Финансы жаатында ири соода-сатык иштеринен алыс боло турган оң.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жашоону жакшы жакка өзгөртүүгө бир нече мүмкүнчүлүк болот, кармап калыңыз. Ал үчүн үйдө жатып алып асмандан алма түшүүсүн күтүп отурган жарабайт. Идеяларыңызды ишке ашырганга аракет кылыңыз, баштаган ишиңиз ийгиликтүү болуп, жаңы пайда булагы ачылат. Аптанын биринчи жарымында туугандар менен бөлүшүүңүз керек болот, балким, акча, үй аянтчасы же үй жумуштарын, милдеттерин. Апта соңу ден соолукка профилактика иштерин жүргүзгөнүңүз жакшы.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Апта айрым иштерге тынчсыздануу менен башталат. Мурда жакшы катнашта болгон адамдар менен байланыш сыноо жолуна түшүүсү мүмкүн. Айрымдар сизге карата таарынычын айтышы ыктымал. Ошол эле учурда келечекте жашооңузда маанилүү орун ээлей турган адам пайда болот. Ал адам сиздин жашоого болгон көз карашыңызды өзгөртүүсү күтүлөт. Үйдөгү кичинекей тургундар менен көчөгө чыксаңыз, акчаны белгилүү өлчөмдө эле алганыңыз оң, болбосо ашыкча чыгым болосуз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Февраль айы сиз үчүн жеңил болбойт, бирок алдыга койгон максатка жете аласыз. Бул жолдо досторуңуздун жардамына таянсаңыз болот. Өткөн чакта сүйүү мамилесин курган адам жашооңузда кайра пайда болушу ыктымал. Азгырылбаңыз. Сапарга чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралса, дароо колдонуңуз. Ден соолукта пайда болгон жагымсыз белгилерди байкамаксан болбоңуз, кайсы бир оорудан кабар берип жатышы мүмкүн. Апта соңу жеңил ойлуулук менен бирөөнө сөз бергенден качыңыз.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: