Кыргызстан менен АКШ виза маселесин талкуулашты
Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Кейт Коллинз менен жолугушту.
Тышкы иштер министринин маалыматына ылайык, тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңири талкуулап, өзгөчө АКШнын визалык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө көңүл бурушту.
Кыргыз тарап визалык маселелер боюнча өз ара кабыл алынуучу ыкмаларды иштеп чыгуу максатында конструктивдүү пикир алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Америкалык тарап өз кезегинде, Кыргызстандын жарандары тарабынан визалык режимди сактоого байланышкан айрым аспектилерди белгилеп, мындан аркы талкууга жана өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин тастыкташты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















