super.kg logo

Өлкөдө жынысты өзгөртүүгө тыюу салуу сунушталды

 

Кыргызстандын жарандары үчүн жынысын өзгөртүүгө тыюу салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев демилгелеген мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга чыкты.

Документ Үй-бүлө кодексине, Жарандык абалдын актылары жана Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Мыйзамда жарандык паспорттогу жана башка документтердеги жынысы тууралуу жазууну өзгөртүүгө тыюу салуу керектиги белгиленген. Анда мындай жагдайлар бир катар теңсиздикти алып келери жазылат. Мисалы, трансгендерлердин аялдар арасындагы спортко катышуусу, эркектердин аскер кызматын өтөөдөгү милдеттен кутулуусу, кылмышын жашыруудагы жынысын өзгөртүү, сот адилеттигинде каршылыктар, анын ичинде жынысын алмаштырган жаран эркектердин же аялдардын абагына киргизилеби деген маселенин келип чыгышы.

Ошондой эле долбоор жарандын жынысын өзгөртүү максатында жүргүзүлүүчү медициналык кийлигишүүлөргө (хирургиялык операцияларга, гормоналдык терапияга) тыюу салууну көздөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: