super.kg logo

Тажикстанда Орозо айында калкка электр жарыгы толугу менен берилет

 

Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума Орозо айында калкка электр энергиясын берүү көбөйөрүн убада кылды. Бул тууралуу Asia Plus басылмасы жазды.

Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйында ал электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү дарыядагы суунун деңгээлинен көз каранды экенин түшүндүрдү.

"Орозо айында калкты электр жарыгы менен камсыз кылуу былтыркыдан жакшы болоруна ишенип турам",- деген ал. Ошол эле учурда министр бул айда канча көлөмдө көбөйө турганын ачыктаган эмес.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкө калкы электр энергиясын суткасына жети сааттан: саат 5:00дөн 8:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00гө чейин алышат.

Министрдин айтымында, суук күндөрү электр энергиясын берүү убактысы көбөйөт.

"Өзүңүздөр байкагандай, октябрда күн жылуу болуп турганда электр энергиясын берүү аз көлөмдө болчу. Бирок декабрь, январда анын көлөмү көбөйтүлдү",- деген ал.

Министр электр энергиясына чектөөлөр ноябрь жана декабрь айларында жаан-чачындын аздыгынан Вахш дарыясында суунун аздыгына байланыштуу экенин белгиледи.

"Кыштын аягына чейин элди белгилүү өлчөмдө электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бул тармакты жөнгө салууга туура келди",- деген министр өлкөдө электр энергиясын керектөөчүлөр көбөйүп жатканын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: