Ырчы, бийчи Шакира Изабель Мебарак Риполь 1977-жылы 2-февралда Колумбиянын Барранкилья шаарында төрөлгөн. Атасы Уильям Меберактын улуту араб, кесиби жазуучу. Ал эми апасы Нидия Риполлинин жердиги колумбиялык. Шакира апасынын жалгыз кызы, ал эми атасынын биринчи никесинен 7 баласы бар. Шакиранын таланты бала кезинен эле байкала баштаган. Бир жарым жашында алфавитти толук билип, 3 жашында китеп окуганды үйрөнгөн. Ал эми 4 жашында мектепке барганга толук даяр болгону менен, жашынын жетпегенине байланыштуу кабыл алынган эмес.
Жашы 5ке толгондо ата-энеси атайын адистерди чакыртып экзамен алууну өтүнүшкөн. Жүргүзүлгөн экзамендин натыйжасында Шакира “вундеркинд” деп табылган. Кичине кезинен сүрөт тартууга, ыр жазууга болгон кызыгуусун байкаган апасы Шакираны сүрөтчү же атасынын жолун жолдоп жазуучу болот деп ойлогон. Бирок 1-классынан Шакиранын бийге жөндөмдүүлүгү өзгөчө байкала баштайт. Бардык жергиликтүү бий конкурстарынан биринчиликти бербей келген Шакира 8 жашка толгондо анын дагы бир таланты ачылып, ырдап да чыга баштаган.
Таланты ташкындаган секелек кыз 13 жашында "Sony Music" компаниясы менен өзүнүн альбомун чыгаруу жөнүндө келишим түзгөн. Ошол эле жылы анын “Магия” аттуу биринчи альбому жарык көргөн. Аябагандай ийгиликтүү болгон альбому жаш кызды бүткүл Колумбияга тааныткан. Шакира 14 жашында өлкөсүндөгү атактуу ырчыга айланган. Ошол жылы “Eres” деген ыры менен “Винья дель Мар” аттуу фестивалга катышып, күмүш сыйлыкка татыган.
Ал эми ырчынын экинчи чыккан “Коркунуч” аттуу альбому, тескерисинче, жолсуз болуп калат. Ошол себептен Шакира өз каалоосу менен бул альбомдун жарнамасын токтоттуруп салган. Бул анын маанайына таасир тийгизип, туулган жерин, досторун таштап, апасы менен Боготу шаарына жол тарткан. Шакира борборго келгенден кийин эң биринчи "Sony Music" офисине жана "TV GUIA" журналына барып интервью берген. Бул интервьюдан кийин Шакирага "CENPRO" каналынан “Оазис” аттуу телесериалына башкы ролду ойноого сунуш түшкөн. Ошол убакта "TV GUIA" журналы “Колумбия телевидениесинин сулуусу” деген конкурс өткөзүүгө даярдык көрүп жаткан болот.
Шакира өзүн сынап көрмөккө талапкер кыздардын катарына кошулган. Сынак үчүн атайын фотосессия болгон. Шакиранын конкурс үчүн тартылган сүрөттөрү башка өлкөлөргө да таратылган. Өзүнүн келбеттүү мүчөсү, сулуу жүзүнө ишенген ырчы бул журнал аркылуу популярдуулугун өстүрүүгө жетишкен. Альбомдорунун ийгилигинин аркасында Шакира тез эле дүйнөлүк турнеге аттанат. Жыйынтыгында анын ыр жыйнактары миллиондогон нуска менен сатылып, ырлары жергиликтүү хит-параддарда биринчи орундарды ээлейт. Колумбиялык гезит-журналдар тарабынан Шакирага “Жыл айымы” жана “Жыл адамы” деген наам ыйгарылат.
Анткени Шакира мынчалык алыскы өлкөлөрдү багындыра алган биринчи колумбиялык ырчы болуп табылган. Бул наамды алгандан кийин миңдеген күйөрмандары Шакиранын кийинки альбомун күтүп калышат. Бирок ырчы жаңы альбом жаратууга даяр эмес эле. Себеби ал бир аэропорттон ырлары жазылган дептерин уурдатып алат. Күйөрмандарынын көңүлүн калтыруудан корккон ырчы продюсери Эмилио Эстафен менен жаңы альбом жаратууга киришет. Көп өтпөй “Уурулар кайда?” деген альбому жарыкка чыгып, ырчыга чоң ийгиликтерди тартуулаган. 2000-жылы Шакира Америкага көчүп келген. 10 миллиондогон дисктери сатылып, миллиондогон элдин оозуна алынганы менен, Шакираны чыныгы жылдыз кылып тааныткан альбому 2001-жылы жарык көргөн. Ал “Кир жуучу жайдын тейлөөсү” (Laundry Service) аттуу альбому эле. Бул альбомдун ичиндеги 9 ыры англис, 4 ыры испан тилинде жазылган. Альбомдогу “Качандыр бир” ("Whenever, whenever") аттуу ыры өзгөчө мыкты аткарылып, ырчыны дүйнөгө тааныткан. Ырга жарашыктуу клип дагы тартылган. Бул клипте Шакира өзүнүн бийлөө талантын жакшы көрсөтө алган. Бул ыры дүйнө жүзүндөгү 1-орундагы хит болуп аталган.

2001-жылы Шакира кара чачын сарыга боёп, имиджин өзгөрткөн. Бул стиль кийинки 20 жылга анын образына айланды. 2005-жылы Шакира испан тилиндеги "Оозеки ой 1" ("Fijación Oral Vol. 1") альбомун чыгарды. Анын ичиндеги "Кыймылдар калп айтпайт" ("Hips Don’t Lie") жана "Мыйзамсыз" ("Illegal") аттуу ырлары аябай популярдуулукка ээ болду. Натыйжада ырчы 2006-жылы "Oral Fixation Tour" аттуу дүйнөлүк гастролун баштап, 37 өлкөдө 150 концерт берди. 2010-жылы Шакира жана африкалык Freshlyground тобу биргелешип жазган "Waka Waka (This Time for Africa)" ыры 2010-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын расмий гимни болуп, миллиондоп көрүүлөрдү топтоду.
Клипте Лионель Месси, Дани Алвес, Жерар Пике жана башка белгилүү футболисттер тартылып, күнүнө 2 миллион жолу көрүлгөн. Ыр дүйнөлүк чемпионаттар үчүн жазылган расмий синглдердин ичинен эң таанымал деп таанылды.
1997-жылы Шакира "Жылаңаяк буттар фондун" ("Pies Descalzos Foundation") түзгөн. Бул фонд Колумбиядагы кедей балдар үчүн атайын мектептерди колдойт. 2003-жылы UNICEF (Бүткүл дүйнөлүк балдар фонду) эң жаш элчиси болуп дайындалган. 2017-жылы Дүйнөлүк экономикалык форумда гуманитардык ишмердүүлүгү үчүн атайын сыйлык менен сыйланган.
Шакира 3 Грэмми, 14 Latin Grammy, MTV Video Music Awards жана Billboard Music Awards статуэткаларынын ээси. Forbes 2015-жылы аны эң таасирдүү аялдардын катарына киргизген. 2023-жылы Billboard аны биринчи латын аял артисти деп тааныган.

2010-жылы "Waka Waka" клипинин тартуу учурунда Шакира Испаниянын Барселона клубунун футболчусу
Жерар Пике менен таанышкан. Ырчы 2010-жылдан баштап испаниялык футболчу менен мамиле кура баштаган. Алардын жаш айырмасы так 10 жыл экөө тең 2-февралда туулган. 2013-жылы 22-январда уулдуу болуп, атын
Милан Пике Мебарак койгон. Экинчи уулун 2015-жылы 29-январда төрөп,
Саша деген ат койгон. Жубайлар 2022-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн.