super.kg logo

Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

Бул окуялардын арасында Акбар менен Мариямдын уулу Белек карызга батып калган эле. Анын окуусун таштап салганын, бир кыздын аркасынан жүрүп анын жаман чөйрөсүнө кошулуп кеткенин апасынан башка эч ким билбейт болчу. Белек капчыгын карады. Кайра телефонун тиктеди. “Карызды төлө, болбосо...” деген билдирүүлөрдү окуду. Ичинен Эламанды сөгүп жатты. Ал “атаңдын буйругу ушундай” деп бир жумадан бери бир тыйын бербей койду. Атасынын андай дегенге алы келбей жатса керек деп ойлоп ого бетер жаны кашайды. Атасынын мүлкүнө ээ чыгып алганы үчүн жек көрүп жатты. “Аны ордуна коюш керек” деди ичинен ызырына. Бир досуна телефон чалды.

– Бир иш бар.

– Эмне иш?

– Бирөөнүн акесин таанытып коюш керек болуп жатат...

– Ким?

Эламандын атын айтканда тигиниси макул болбоду. Жини келип телефонду өчүрүп салды да, түндө аны өзү коркутуп, акча алмай болду. Башка чарасы жок болчу. Ошол түнү Эламан офистен кеч чыккан. Сыртка чыгып бара жатып Белекти көрдү. Саламдашмакчы болду эле, күтүүсүздөн бетке уруп жиберди.

– Өй, Белек, жинди болдуңбу?- дегенге жетишти. Тиги бычак сууруп чыкты.

– Жинди болбо!

– Менин акчамды менден аласыңбы? Сен кимсиң?- деди тиги ызырына.

– Ал сенин да, менин да акчам эмес, атаң ошентип айтты.

– Калп айтпа, атамдын ага алы келбей жатса керек, сүйүүнүн азабын тартып... Мен баарын билем. Апам экөөң жашырсаңар да, жашырбасаңар да билем.

Белек башына кан тээп чыккандай титиреп жатты. Өзүнүн бул абалына жини келгени менен, титирегенин токтото албай жатты. Ушул учурда аркасынан бирөө келип колго чаап жиберди да, Белекти бир урду. Бычагы колунан учуп кетти, өзү полго жыгылды. Жерде жаткан Белек алдында турган кишини карап көргөн көзүнө ишенбеди.

– Ата?

– Тур өйдө! Акмак десе...

Эламанды бир карап, атасын бир карап Белек ордунан турду. Үчөө кирип бет маңдай отурушту. Акбар арыктаган экен, бирок мурункудай эле күчтүү көрүндү.

– Эмне болуп жатасың сен? Башы бош торпоктой болуп...

– Ата, сизби?

– Эламанга мен айттым. Ооба, сен туура эмес иш кылып жатканыңды билген үчүн токтоттум. Эмне кылып жатасың, уулум? Сага эмне болду?

Акбар ушундай бир өкүнүү менен айтты бул сөздү. Уулунун жүрөгүнө атасынын үнүндөгү айласыздык, өкүнүү октой тийди. Мурун деле жини келчү, бирок азыр уулунан түңүлүп тургандай сезилди. Күнөөнүн оордугунан башы ийиле берди.

– Көзүмдү кара,- деди атасы. Белек карай албады. Алдына кайрадан мурунку күчтүү атасы келип калгандай, ортодо эч бир нерсе болбогондой сүрдөп турду.

– Кара дедим мени!

Селт чочуду уулу. Көзүн аргасыз көтөрө атасын карады. Ушул көз караш анын жүрөгүн тешип жибергендей болду. Мындай терең, кайгылуу, ошол эле учурда мээрим төккөн көз көргөн эмес эле.

– Эмне болду, мага баарын айт.

Ата-баланын сүйлөшө турган сөзү бар дедиби же өзүн ашыкча сездиби, Эламан бөлмөдөн чыгып кетти. Уулу менен жалгыз калды Акбар.

– Мен... Бир кыз менен таанышкам. Башымды жоготуп сүйүп деле калган жокмун, бирок анын эркин жүрүш-турушу мени кызыктырды. Элге окшобогон жактары бар эле Айянын, экөөбүз кыз-жигит болуп жүрө баштаганбыз. Анан акырындап анын чөйрөсүнө кирдим. Алар...

– Кимдер экен алар?

– Аферисттик менен акча тапкан топ экен. Айя деле ошолордун кишиси тура. Бир-эки схемасына кирдим. Киргенден кийин чыга албай калдым. Көп акча кетти, карыз болдум.

– Эмнеге мындай кылдың? Сен акылдуу жигитсиң го, эми аферисттик менен башканын айырмасын билбей калдыңбы?

– Үйдө баары баш аламан болчу. Сен кеттиң, апам депрессияда. Мага баары кызыксыз сезилди, мен эч кимге керегим жок экенин сездим. Жашоомду бир аз башкача кылгым келди. Билбейм, ошол кезде мага Айя керек болду окшойт.

– Азырчы?

– Азыр ал кеткен. Мен карыз болгондо эле башка менен кеткен. Ал, көрсө, мендейлерди тузакка илип иштейт экен, аны кийин түшүндүм. Ата, мага жардам бер. Мен бул айлампадан чыга албай калдым.

– Жардам берем, уулум. Бирок ушул жолу гана. Мындан аркы жашооң өз колуңда. Акылың бар, сен баарына көзүң жете турган баласың. Жашоо бир эле жолу келет. Сен аны жакшы жашап өтөсүң же...

– Мен баарын түшүндүм, ата. Өзүм деле тажап жүргөм. Апамды да аябай ыйлаттым. Мени кечиргиле, ата.

Акбар уулун кучактай, башынан жыттады. Мээрим төгүп, кучактаган атанын кубатын сезди Белек. Көрсө, ушул кубаттан куру калгысы келбеген экен анын. Атасы башканы сүйүп калганда, эмнеге баары трагедияга айланды десе, жообу ушул тура. Баарына атасы тирек болуп көнүптүр да. “Атам жалгыз гана бизге таандык, анын жеке жашоосу болбошу керек” деген кыска түшүнүктүн айынан жаны сыздаган экен. Жашоодон корккон тура. Азыр ошону анык түшүндү. Балдар эч качан ата-энесинин жашоосу бар деп ойлобойт.

ххх

Акбар жыйында отурду. Аны көптөн бери көрбөгөндөр, жок болуп кеткенине табасы кангандар деле кубанып тургандай, жадырай кол алышып, ал-абалын сурап жатышты. Акбар деле сезип турду, бирок сыпайылык менен кол алышып, баарлашып, маселелерди талкуулап, жыйынды жакшы жыйынтыктады. Бир аздан кийин жалгыз калганда кабинетине Эламан кирди. Иш боюнча бир аз сүйлөшүштү. Эламан бир нерсе айта албай тургандай...


Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: