"Балапаным деп алаканынан түшүрбөй...". Нурайым Акылбекова 21 жашка толду

Бүгүн, 2-февраль ырчы Нурайым Акылбекованын туулган күнү, бул жылы ал 21 жашка толду. Өздүк майрамында ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында сүрөт, видеолор менен бөлүшүп, жакындарына ыраазычылык билдирип өткөн.
"Ушул күнгө жеткизген Кудайыма чексиз шүгүр. Жарыкка келүүмө себепчи болгон ата-энеме терең ыраазычылык билдирем. Балапаным деп алаканынан түшүрбөй жүргөн кыргыз элиме ар качан башымды ийип таазим кылам. Жакшы күндөн жакшы күнгө аманчылыкта жетели",- деп билдирүү калтырган Акылбекова.

Ал эми жолдошу төкмө акын Нурсултан Малдыбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жубайын куттуктап, жылуу сөздөрүн жаза кеткен.
"Туулган күнүң менен куттуктайм Нурайкам! Жүзгө чейин бирге бололу",- деген ал.
Нурайым Акылбекова Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында 2005-жылы туулган. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кенжеси. Ырчы чыгармачыл үй-бүлөнүн кызы, атасы жана агасы ырдайт. Нурайым ырдагандан тышкары, комуз жана гитарада кол ойнотот.
Анын "Ак жамгыр", "Сүйдүм", "Ата журт", "Жалгызымсың", "Атам менен апама" деген ырлары элдин сүймөнчүлүгүнө татыды.
Белгилей кетсек, төкмө акын Нурсултан Малдыбаев менен ырчы Нурайым Акылбекова өткөн жылдын август айында баш кошушкан.
Нурайым Акылбекова 21 жашка толду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















