Ыштын кесепетинен улам аллергиялык ринит 2,5 эсе көбөйгөнү айтылды (видео)
Бүгүн, 2-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков ыштын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, ыштын кесепетинен улам аллергиялык ринит 2,5 эсе көбөйгөнү байкалган.
"Абанын булганышы ден соолукка түздөн түз таасир берет. Статистика боюнча, оорулардын саны азайганы менен өпкө, дем алуу органдарындагы оорулар көбөйүүдө. Анын ичинен аллергиялык ринит оорусу түзмө-түз абанын булганышына байланыштуу. Бул оору өзгөчө жаш балдардын арасында 2,5 эсеге көбөйгөнү байкалууда",- деген ал.
Ыштын кесепетинин улам аллергиялык ринит 2,5 эсеге көбөйгөнү айтылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















