Таласта 25 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү Орусиядан кармалды (видео)
Таласта 25 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2000-жылы Талас районунун 1972-жылы туулган К.К аттуу тургунуна зордуктоо фактысы менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
"Шектүү издөө иш-аракеттеринин негизинде 2024-жылы Орусиянын Екатеринбург шаарынан кармалып, кылмышкерди экстрадициялоо иштери жүргүзүлгөн. Ал ушул жылдын 1-февралында өлкөгө алынып келинип, Талас райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Таласта 25 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү Орусиядан кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















