super.kg logo

Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

– Өзү асынышы мүмкүн эмеспи? Ким кылды? Аялыбы?- дегичекти мени карап “ооба” дегендей башын ийкеп, эки жагын каранды. Эки көзүм тостоюп эле, эмне дээримди билбей калдым.

– Мен эмнеге келдим? Сенин бул жерде күнөөң жок. Кечээ Эрнист Жоошевичтин картасынан жаш балдар дүкөнүнөн сатып алуулар болгону боюнча телефонго билдирүү келиптир. Шефтин аялы сен жөнүндө билчү экен... Эми күйөөсүнүн “левый” жакка барганын. Бирок ошол СМСтен кийин “баласы да бар окшойт” деп шектенип калды. Кечээ мага “сен баарын айтасың” дегенде унчукпай кутулуп кетем деп ойлогом. Болбой калды. "Бүгүн ушул үйгө алып бар мени" деди. Ошон үчүн келдим. Сени менен жолукса жөн койбойт. Мен аны жакшы билем. Тезинен кийимдериңди алып, башка жерге кет. Жок дегенде 1-2 айга башка жакта болуп тур. Тынчып калгандан кийин келесиң. Мен сага айттым. Тез кыймылда,- деген боюнча жылт коюп кетти. Эмилдин менде көңүлү бар экенин билчүмүн. Ошол үчүн болсо да жардам берди мага. Экөөбүздүн сүйлөшүүбүздү угуп турган эжем мен өзүмө келгиче кийимдерди салыштыра калыптыр. Ойлонгонго убакыт жок эле. Мен "кетпейм, эмне кылса ошол кылсын" деп отурсам, эжем жини келе жаныма келип:

– Өзүңдү ойлобосоң да, кызыңды ойло,- деп бурк этти. Айла жок кыймылдадым. Жүктөрдү таксиге салып, узап кеттик. Баары тез эле болуп кетти. Кызым да ыйлактап, "үйдө эле калалычы, уйкум келди" дейт. Эжем сооротуп жатты. Кандай гана тагдыр тамашасы. Биздин үйдөн бурулганда аялынын машина айдап короого кирип бара жатканын көрүп калдым. Мен аны тааныйт элем. Убагында үлгүрүптүрбүз деп жаным жай ала салонго жөнөдүк. Ошол күнү салондо түнөдүк. Мен дагы деле өзүмө келе албай жаман болдум. Кантип? Кечээ эле көрүп жүргөн адамың, бүгүн жок болсун? Бул тамаша... Тамаша эле болуп калса эмне? Ал өзү асынып алды дегенге кыпындай да ишенген жокмун. Ал андайга барбайт эле. Жанын жакшы караган, өзүн сүйгөн адам болчу. Жубайы эле дым-дым кылды. Сезип турам. Өлүмүш болуп алып, бир топ экенин бир көргөндө эле билгем. Эмил көрсөткөн. А эмне? Балдары өз алдынча, ар мамлекетте. Үйдө Эрнист экөө эле болсо, анысы да мага кетип калса, ичи өрттөнгөнүнөн деле бул кадамга барды да. Бар байлыгын, балким, менден кызганды? Эрнист мени ээрчип кетип калса, эмне болом деген ой кеткендир? Экөөнүн бир төшөккө жатпай калганына бир топ жыл болуптур. Эрнист айтып берчү эле. Анын бул кадамга баруусуна шылтоо да, шансы да, максаты да көп эле. Башым катып калды. Эртеси эрте туруп, салонду кыздарга жакшылап табыштап, банкоматтардын биринен бир балага дайындап, картанын кодун айтып, Эрнисттин картасынан акчанын баарын чыгарып алайын деп даярдангам. Бирок 100 000 сомдон ашык акча бербей койду. Анын картасында миллиондор бар эле. Балага бир аз акча карматып, өзүм Ошко учуп кеттим.

05.09.ХХХХ. Ошто кызымдын жанында жыргап эле калдым. Бул күндөрү Данектин кыял-жоругун билүүгө да жетиштим. Чоңоюп калыптыр. Бир күнү бала бакчадан келди, колуна бир плитка шоколад көтөрүп алып. “Ким берди?” деп кызыктым. “Данчик” деп коёт. Эки көзүм бакырая эжемди карасам, тамак жасап жаткан ал:

– Коркпо. Данектин сүйгөн жигити ал. Кошуна болот,- деп күлүп койду. Муну уккан соң ыйлаарымды же күлөрүмдү билбей, бир кызыктай абалда туруп калдым. Мына, кызымдын эң алгачкы балалык махабаты. Эң алгачкы аруу сезими. Балким, мындай бакыттын канчасын өткөрүп жибердим? Данегим, көрсө, чоңоюп бара жаткан турбайбы?! Кечинде эжем торт жасаган. Ошонун бир бөлүгүн кичинекей коробкага салдырып жатыптыр. "Эмне кыласың?" деп кызыксам, "Данчикке берем. Ал мага шоколад бербедиби" дегенинен, мен анын сөзүн бөлө:

– Кыз бала эркек балага белек бербейт. Белекти дайым Данчик бериш керек,- десем, эжем ыңгайсыз абалда туруп калды. Бирок Данек чекчеңдеп: – Ыкы, мен берем Данчикке. Апа, салдыңызбы?- деп кайра эжеме кайрылды. Үнүм чыкпай эле отуруп калдым. Бул кимди тарткан колу ачык, берешен болуп? Жатарда кызым уктап калганда эжем айтат:

– Кызың сендей эмес. Сен кичинекей кезиңде колуңдагы буюмду эч кимге бербеген өзүмчүл элең. Мисалы, колуңда көп конфет болсо, бирди сурасак да эч берчү эмессиң. Ошол конфеттериң ар жерде калып эле жок болчу. Мейли, урушпайлычы, кичинекей да деп эрке чоңойттук. Данек андай эмес. Берем деп эле турат. Былтыр бала бакчадан Жаңы жылда белек беришти да. Үйгө алып келип, дасторкондун ортосуна баарын төгүп "ата, апа, кел жейбиз" деп баарыбызды колубуздан тартып келди. Жантайды жакшы көрөт. Экөөнүн баладай болуп урушканын көрбөйсүң. Кызың атасын тартып калса керек. Билесиңби? Мансур үйгө эч куру келчү эмес эле го? Эх, жаткан жери жайлуу болсун,- дегенде сөздү токтоттум. Ансыз да туңгуюкта жүрөм. Эрнисттин аялы мени качан өлтүрүп кетет деп. Өлтүрбөйт. Мен коркпойм дагы. Колунан келгенин кылсын деп жатып алгам. Эртеси Адилет чалат "Кайдасың? Үйүң жабык?" деп. Кыска гана “Оштомун” деп жооп бердим. Ошол күнү кечке жуук учуп келди.

– Айылга, үй-бүлөңө барбайсыңбы? Шекшип калып жүрбөсүн,- дедим.

– Мен айтпадым беле, сага биринчи келем деп. Качан кетесиң Бишкекке?- деди эле. Ойдо жок жерден “эртең” деп койдум. Мага асыл зер буюм ала келиптир. Кулагыма тагып койду сөйкөнү. "Жүр, мени менен" дегенде, "мен эжемдин үйүндө коноктомун. Кетип калсам уят" дегениме болбой мени бир таанышынын үйүнө алып барды. Досу шаарда турат экен.

– Ошко келип-кеткен сайын ушул үйдө түнөчүмүн. Досум ачкычын берген деди.

Чоң үй экен. Эжеме иштерим чыгып калды деп калп айтып, ал түнү Адилеттин жанында калдым. Кытайдан вино ала келиптир.

– Андан көрө саке албайт белең,- деп күлдүм.

– Сен бул винонун даамын тата элексиң да. Ичсең,- деп калды.

Ал түн да өттү. Эртеси да кетпей калдым. Барганда кайсы үйгө барат элем? Же өзүмдүн үйүмө кирип алсамбы? Аны жылытуу да керек. Кыш келе жатат. Кыйын болот деген ойлорго чөмүлө отуруп, салонду жабууну чечтим.

Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: