Депутат: "Бишкек абасы кир шаарлардын катарынан эмнеге чыкпай жатат?" (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев 2-февралдагы тармактык комитеттин жыйынында Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарынан чыкпай жатканын айтып, жаратылыш министрине кайрылды.
Ал билдиргендей, эл аралык көз карандысыз уюмдар берген маалыматка ылайык, декабрь айында Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарында алдыга чыккан.
"Рейтингде 1-2-3-орунда Бишкек чыгып жатат. Индиядагы, Пакистандагы шаарлардан кем калышпай эле. Эмне үчүн 2,5 жылда сапаттуу иш болбодубу? Маселе эмнеде? Эмнеге биз ошол рейтингден чыкпай койдук?",- деди депутат.
Жаратылыш министри Медер Машиев борбор калаада абанын сапаты салыштырмалуу жакшырганын белгиледи.
"Ал расмий эл аралык авторитеттүү уюмдун рейтинги эмес. Air Quality деген сайт бар. Өздөрү датчик саткан уюм. Алардын датчиги менен көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр. Жалпысынан Бишкек шаарында абанын сапаты бир аз жакшырды. Ошол сайтта көрсөтүлгөндөй алдыга чыга турган деңгээл болгон жок",- деди министр.
Машиев өлкөдө калкты туура маалымат менен камсыз кылуу жаатында Гидрометеорология кызматы датчиктерин жаңылап, сайтын ачып, жаңы тиркемелердин үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.
Депутат: "Бишкек абасы кир шаарлардын катарынан эмнеге чыкпай жатат?"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















