Опера жана балет театрынын чарбалык имараты башка максатта колдонулары айтылды
Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында депутаты Сеидбек Атамбаев Бишкектеги Опера жана балет театрынын эки кабаттуу имараты жер тилкеси менен кошо театрдан алынып жатканына кызыкты.
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев ал имарат Опера жана балет театрынын чарбалык имараты экенин тактап, ал кароосуз калгандыктан кейиштүү абалга келгенин, андыктан өкмөт имаратты башка максатта пайдалануу чечимин чыгарганын билдирди.
"Анын ордуна Бишкек шаарынын ортосунан 25 сотых жер бөлүнүп берилди. Мегаком тарабынан каржылык маселеси да чечилди. Жакын арада жаркыраган чарбалык имарат салынат. Азыркы чарбалык имарат мурдагы бийликтердин тушунда, 2016-жылдары атайын эле ижарага берилип, четинен кыйрай баштаган. Мамлекет аны кайра кайтарып жатат",- деди ал.
Эл өкүлү Атамбаев буга театрдын эмгек жамааты каршы экенин белгилеп, маселе менен жерине барып таанышууну сунуштады.
Опера жана балет театрынын чарбалык имараты башка максатта колдонулары айтылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















