Депутат окуу жайларды студенттерди жатакана менен камсыз кылууга милдеттендирүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова жогорку окуу жайларды студенттерди жатакана менен камсыз кылууга милдеттендирүүнү сунуштады.
Ал бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, иновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында талапты аткарбаган окуу жайлардын лицензиясын токтотуу керектигин айтты. Эл өкүлү буга шаардагы батирлердин ижара акыларынын кымбаттыгын башкы себеп катары көрсөтүүдө.
"СССР учурунда бир да студент жатаканасыз калчу эмес. Балдар башка маселени ойлонбостон толук кандуу билим алышат эле. Азыр студенттер эртеден кечке ресторан жана башка жерлерде иштешет. Анан окууга чарчап барышат, эске тутуусу начар болот. Батирлер абдан кымбат. Аны студенттер кантип төлөйт? Ошондуктан ар бир окуу жай бюджеттик болобу, келишимдик болобу, студенттерди алы жетишинче алышсын",- деди Аманова.
Депутат окуу жайларды студенттерди жатакана менен камсыз кылууга милдеттендирүүнү сунуштады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















