super.kg logo

Башталгыч класстын мугалимдерине 20 миңден ашык ноутбук тапшырылды (видео)

 
Бүгүн, 2-февралда республиканын мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 20 миң 286 даана “Алтын казык” брендиндеги ноутбуктар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ноутбуктар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет. Кийинки партияларда тарых, география жана кыргыз тили предметинин мугалимдерине берүү пландалууда.
Ата мекендик ноутбуктар Исхак Раззаков атындагы КМТУнун “Технопарк” мекемесинде чогултулуп, белгиленген техникалык талаптарга ылайык даярдалган. Ар бир ноутбукта атайын лицензияланган программалар орнотулуп, алар автоматтык түрдө жаңыртылып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалган. Мындан тышкары, мугалимдердин күнүмдүк ишине зарыл методикалык колдонмолор жана керектүү программалар киргизилген.
Эске салсак, өткөн жылы STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) мугалимдерине 27 миң 31 даана “Алтын казык” ноутбугу берилген.





Башталгыч класстын мугалимдерине 20 миңден ашык ноутбуктар тапшырылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: