КАЙСЫ АЙДА ТӨРӨЛГӨНСҮЗ? Мүнөздөмө сиз үчүн

Психологияда кызыктуу темалар көп. Алардын бири – адамдын туулган айына жараша мүнөзү. Январь айында төрөлгөндөр кандай мүнөзгө ээ? Март айындагыларчы? Макалага көз жүгүртүп, мүнөзүңүз жазылгандарга төп келдиби, байкап көрүңүз.
Январь
Жылдын башында, кыштын ортосунда төрөлгөн адамдар күчтүү мүнөзгө ээ. Жашоосунда кезиккен кандай кыйынчылык болбосун башын бийик көтөрүп кабыл алып, жеңип, узатып жиберишет. Көз карандысыздыгын эч кимге, эч нерсеге бергиси келбейт. Баарын өзү чечкенге аракет кылат. Айрым жерлерде текебер лидерге айланат, ошол эле учурда жан дүйнөсү сезимтал жан. Жеке жашоодо майдачыл болушу мүмкүн. Жумушунда ашыкча жоопкерчиликтүү, амбициясы бийик, эмгекчил келишет. Андыктан январь айында төрөлгөндөр карьералык тепкичтен бат көтөрүлүшөт. Алар үчүн өзүнөн статусу бийик адам гана авторитет, анча-мынчаларды теңине албай деле коюшу мүмкүн. Анан да өжөр, көк бет келишет, ойлогонун бербей, өзүнүкүн туура деп таламын талаша бериши ыктымал.
Февраль
Февралда төрөлгөндөрдө басымдуулук кылган мүнөз – кыялкечтик. Чыгармачыл адамдар, дайыма өзгөчө идеясы, абстрактуу ойлору менен көзгө урунат. Алардын эмнени ойлонуп турганын табуу оңой эмес, андыктан мындай адамдардын түгөйү болуу бир чети кызык, бир чети оор болот. Фантазиясы ушунчалык кенен, керекпи айрым учурларда гений деп ойлончу нерселерди жасашы мүмкүн. Бирок бардык идеяларын, фантазиясын ишке ашыра бербейт, туруктуулукка байланбайт. Жасап баратып башка нерсени ойлонсо ооп кете берет. Башкаларды эмес, өзүн биринчи орунга койгон өзүмчүл келишет. Бирок бул сапатынын арты менен көрүнгөн нерсеге баш оорутуп, кайгыра бербейт, тынч уктайт. Маанайы бат-бат өзгөрүп турат.
Март
Ак көңүл, сезимтал адамдар деп сүрөттөсө болот март айында туулган күнүн белгилегендерди. Бат таарынышат, андыктан булардын жанында “буттун учу” менен басып жүрүү керек. Сынды оор кабыл алат же кабыл албай деле коёт, таарынгандан кийин бир топко унутпай кек сактап жүрүшөт. Достукка бекем, жакын деп санаган адамына ишенимдүү дос болуп беришет. Март айында төрөлгөн айымдарды коргогусу келген мырзалар көп болот. Таланттуулар да март айында көп төрөлүшөт. Жумушуна берилип иштешет, алдыга койгон максатына жеткенге аракети күч. Үй-бүлөдө мыкты жар, жакшы ата-эне болушат. Акча кармаганды көп билбейт, колуна тийген акчаны чачып, каалаганын сатып алып, анан алакан жайып отуруп калышат.
Апрель
Күчтүү, эр жүрөк, тайманбас, ошол эле учурда назик адамдар апрелде төрөлүшөт. Энергиясы көп, өзүнүн артынан башкаларды ээрчите алган лидерлик сапатка ээ. Бирок бул сапатын көп көрсөтө беришпейт, тескерисинче, жоош, токтоо адам катары жүрө беришет. Мындай адамдардын түгөйүнө ийгилик жылмаят, анын таасири менен кантип бутка турганын, байыганын сезбей да калышат. Импульсивдүү нерселерди көп жасашат. Жакыным деп санаган адамына колунда барын бергенге ашыккан берешендик мүнөзү да бар. Ал эми жакындардын тизмесине кирбеген адамдарга бетке чабар мүнөзү, кагазга оробой түз айткан ою менен жакпай калышы мүмкүн.
Май
Ишенимдүү, өжөр, чынчыл мүнөзгө ээ адамдар. Башкалар менен бат тил табышкан мүнөзгө ээ, андыктан аларды достору, тааныштары, күйөрмандары, айтор, көп адам курчап жүрөт. Булардан жакшы жетекчи, бизнесмендер чыгат. Бийликти, көзөмөлдү жана көңүл борборунда болууну каалашат. Жетекчиликке карай жолдо эмоционалдуулугу, таарынчаактыгы, кызуу кандуулук менен кабыл алынган чечимдери тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Комфорттуу жашоону, байлыкты баалашат. Андыктан жашынан жакшы жашоо образын кечирүү үчүн талбай эмгектенип, өзүн, үй-бүлөсүн камсыздаганга аракети күч. Май айында төрөлгөндөр соода жаатында жакшы ийгиликке жетишет.
Июнь
Июнь айында ачык, жылдыздуу, харизмасы “гүп-гүп” болгон адамдар көп төрөлүшөт. Мындай адамдарды бат эле сүйүп калууга мүмкүн. Өзүнөн мурун алдыга койгон пландары, идеялары ашыгып жүрөт. Шашма адамдар, өзүнө-өзү толтура жумуш таап, аны аткарууга жетишпей тызылдап чуркап жүрүшөт. Шашмалыгын басып, стратегиялык ой жүгүртсө, тоону томкорчу күчкө ээ. Эмоционалдуу, эмпат адамдар. Өзүнүкү аз келгенсип башкалардын жашоосуна да аралашып, алардын түйшүгүн кошо артышканга даяр. Кыйынчылык учурунда башкалар менен бөлүшө албай, баарын ичте кармап, өзү жалгыз биринчи жеңгенге аракет кылат. Өтмүшүн коё бере албай, байлана берген сапатка да ээ.
Июль
Сылык, сыйга жакын келишет. Июлда төрөлгөндөрдүн үйүндө дайыма коноктордун шаңдуу күлкүсү, бала-чаканын топураган добушу угулуп турат. Мыкты кеңешчи, орундуу кеңеш бергени менен сыйга ээ болушат. Биринчи орунга өзүн эмес, башкаларды коё берет. Сыртынан күчтүү адам көрүнүшү мүмкүн, чын-чынына келгенде назик, камкордукка, сүйүүгө муктаж. Жан дүйнөсү назик, чыгармачыл, эмоционалдуу адамдар. Конфликттерден, ызы-чуулардан качат, кача албай калса аны жайгарууга, жазууга аракет кылган ортомчу кызматты аркалай калат. Ишенчээк жана ишенимдүү. Кечире албаганы – саткынчылык.
Август
Августтун “ээлери” тамашакөй мүнөзү менен айырмаланышат. Башкаларды жакшы тамашалайт, бирок өзүнө карата айтылган тамаша, сынды оор көтөрөт. Кумарлуу, эмоционалдуу табияттын ээлери. Айланасындагы кооздукту көрө билишет, бир нерсеге бат таасирленет, сезимтал болуп эмоционалдык жаракат алып калышы да бат. Кооз, жеткиликтүү жашоону каалашат. Өзүнө болгон ишеними, баасы жогору, башкалардан да өзүнө карата ошондой мамилени талап кылышат. Жылдыздуу адамдар, бат тил табышат, мамилени көпкө сактай алышат. Жардамга муктаждарга колунан келишинче жардам бергенге даяр. Сыртынан текебер көрүнүшү мүмкүн, бирок ичинен бала мүнөз, берешен, айкөл адамдар.
Сентябрь
Чыныгы перфекционист адамдар күздүн биринчи айында төрөлөт. Жашоосунда бардыгын тартипке салганды жакшы көрүшөт. Мыкты аналитикалык ой жүгүртүүгө ээ. Кайсы жерге барса, эмне кылса пайда түшөрүн, ийгилик болорун анализдеп турат. Акча тапканды билет, сентябрда төрөлгөндөрдөн мыкты соодагер, бизнесмендер чыгат. Уюштуруучулук сапатынан улам кайда барбасын иш-чаралардын чылбыры колуна тиет. Башкаларга ишенүүсү кыйын, андыктан мындай адамдардын сырын, чыныгы ой-толгоосун билген жакын адамдары аз санда. Орой, чорт мүнөзгө ээ, андыктан өзү да байкабай башкаларды таарынтып алуусу мүмкүн.
Октябрь
Бардыгын ченеми, чеги менен жасаган адамдар. Эмне туура болорун билет, бирок башкаларга түшүндүрүп отургусу келбегендиктен унчукпай деле коёт. Башкалардын таасирине, каалоосуна ыңгайлашканды жактырбайт. Өзү каалаган нерсени кылат. Өз пайдасы үчүн жакындарын таарынтып деле коё берет. Жардам берет, бергенде да көп берет. Чыныгы сезимдерин жашырып жүрүшөт. Бирөөгө акыл үйрөткөндү сүйгөнү менен, өзүнө келгенде чечкинсиз, андыктан көп мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберет. Бир калыптагы жашоо булар үчүн эмес, кумарлуу, окуяларга бай күндөр жагат. Конфликтке барбайт, барса эч нерсе калтырбай “өрттөп” жиберет.
Ноябрь
Баары ачып көргүсү, билгиси келген табышмактуу адамдар. Кыргызча айтканда “чымыны” бар, анча-мынча көзү ачыктык сапаты да бар, ички туюму күчтүү. Отуруштарда баарынын көңүлүн көтөргөн, шаңга бөлөгөн “душа компании”. Достору кайда чакырса колду көтөрүп биринчи чуркайт. Жогорку интеллектке ээ, адамдарды өзүнө тарткан магниттик касиет да бар. Жакшы жашаш үчүн көп иштеш керек экенин билет жана иштейт. Сыртынан экстраверт болгону менен, чынында интроверттик мүнөз басымдуулук кылат. Чыныгы ойлору менен көп бөлүшө бербейт. Сүйүүдө кумарлуу, ишенимдүү өнөктөш болуп берет.
Декабрь
Жылды жыйынтыктоочулар. Өзүнө ишенимдүү адамдар. Аларды көпчүлүк акылман, даанышман деп сүрөттөшөт. Чукул кырдаалда башкаларга окшоп алактабай, таза ой жүгүртүп, кырдаалдан кантип чыгуу керектигин ойлоп таап коюшат. Мыкты стратег, өзүнөн башканы көп авторитет тута бербейт. Кээде текеберлик кылып деле коё берет. Бир нерсени көпкө баштабайт, жалкоолук коштоп жүрөт, бирок баштаса таштабайт, ийгиликтүү бүтүргөнгө болгон күчүн жумшайт. Бирөөнүн көңүл борборунда болуп, мактоо сөздөрүн укканды жакшы көрөт. Достукка бекем, ишеничтен чыккан адамды кечирбейт, жашоосунан чийип салат. Көргөндү эле сүйө бербейт, сүйсө бир адамды түбөлүк сүйгөнгө даяр.
0


Супер-Инфо
super.kg видео

















