Бишкекте мас абалында унаа айдаган айдоочу экинчи ирет кармалды (видео)
Бишкек шаарында мас абалында унаа айдаган айдоочу экинчи ирет кармалды. Бул тууралуу 2-февралда Милициянынын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 03:00 чамасында Toyota Avalon үлгүсүндөгү автомашина токтотулуп, анын рулунда Байганалиев Урмат Талайбекович аттуу жаран болгон. Айдоочу өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкери катары тааныштырган. Буга карабастан, ага карата колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү материалдар таризделген. Бирок кандайдыр бир жол менен 2025-жылдын 9-декабрында Октябрь райондук сотунун чечими аркылуу акталган.
Андан кийин 2026-жылдын 31-январында, ошол эле Toyota Avalon автомашинасында аталган жаран кайрадан токтотулуп, транспорт каражатын алкоголдук мас абалында башкарганы аныкталган. Бул факт дарыгер-наркологдор тарабынан тастыкталган. Учурда материалдар тиешелүү органдарга процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.
"Мыйзам баарына бирдей, ар бир укук бузган жаран ээлеген кызмат ордуна же макамына карабастан, мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш",- деп билдирет мекеме.
Бишкекте мас абалында унаа айдаган айдоочу экинчи ирет кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















