super.kg logo

Жеке автомектеп жетекчиси баш аламандыкка шектелип кармалганы белгилүү болду

 

"Айдоочуларды даярдоо борбору" жеке менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу кармалып, камакка алынды. Маалыматты бүгүн, 2-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө.

Райондук сотко аны камакка алуу өтүнүчүн ИИМдин тергөөчү келтирген. Сот 30-январда Тагайбек уулун 28-мартка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

ИИМ бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Буга чейин социалдык тармактарда Тагайбек уулунун Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик мекемесинин дарегине сын айткан видеосу тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: