Белла Хадид: “Мусулман болгонума сыймыктанам”
2026-жылы 30 жаш деген куракты багындыра турган белгилүүлөрдүн бири – супер модель Белла Хадид. Белланы “оозунда алтын кашык менен төрөлгөн” деп, анын шоу-бизнеске аралашуусун, ийгилигин атактуу ата-энесине шылтагандар көп. Бирок сулуу айым андай сөздөргө “иммунитет” тапкан, көңүл бөлбөйт. Дүйнөлүк мода дүйнөсүнөн өз ордун тапкан моделдин жашоосунда да оош-кыйыш мезгилдер болуп турат...

Изабелла Хайрия Хадид
Моделдин толук аты-жөнү – Изабелла Хайрия Хадид. Учурдун эң кымбат моделдеринин бири Белланын атасы – палестиналык атактуу архитектор, мультимиллионер Мохамед Хадид. Бир нече өлкөлөрдө жайгашкан 5 жылдыздуу Ritz мейманканаларын көргөн болсоңуз, алардын баары Мохамед Хадиддин курулуш компаниясына таандык. Апасы Иоланда Фостер – голландиялык фотомодель, алып баруучу, интерьер дизайнери. Белла 1996-жылы 9-октябрда Вашингтондо жарык дүйнөгө келген. Миллионердин балдарынын ийгилиги өзүлөрүнө эмес, ата-энесинин капчыгына байланганы ушундан улам. Ата-энеси Белла 4 жашында ажырашып кетип, 3 бир тууган (эжеси Жиджи Хадид, иниси Анвар Хадид) апасынын колунда калган. Көп өтпөй апасы канадалык ырчы, продюсер, 16 ирет “Грэмми” сыйлыгына татыган атактуу Дэвид Фостерге турмушка чыккан. Мындан улам үй-бүлө дайыма камералардын бутасына алынып, толкундануу, коркуу сезимдерин кичинесинен эле жеңип чоңоюшкан.
Подиумга жол
Белла Хадидди мода дүйнөсүнөн көрбөй деле калмакпыз, эгер пластикалык операция болбогондо... 14 жашында мурдуна, оозуна операция жасатып мода стандартына туура келген сулуулардын катарына кошулуп алган. Анын үстүнө 173 сантиметр бою, 50 килограмм салмагы кошумча бонус эле. 16 жашынан башталган подиумдагы карьерасы тез аралыкта эле өнүгүп, сулуу менен келишим түзгүсү келген бренддер кезекке тура баштаган.
Модель атактуу көп бренддер менен иштешип келет, алардын катарында Desigual, Tom Ford, Chanel, Victoria's Secret, Bulgari, Fendi, Dior жана башкалар бар. Бир топ музыканттардын клиптерине тартылган. Өзүнүн кесиби аркылуу “сулуулуктун жардамы менен жакшы иштерди жасагым келет” дейт.
Трампка каршы митингге чыккан
Ислам динин кармайт жана дайыма “мусулман болгонума сыймыктанам” деп айтып келет. Кичинесинде атасына кошулуп орозо кармачу, айт майрамдарын майрамдашат эле. “Модель болгондон кийин иш графигиме жана ден соолугума байланыштуу орозо кармай албай калдым” дейт. Саясий талаада активдүү ой бөлүшөт. 2017-жылы АКШнын президенти Дональд Трамптын иммиграциялык саясатына (7 мусулман өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган) каршы уюштурулган митингге Белла эжеси модель Жиджи Хадид менен биргеликте катышкан.
Израиль-Палестина карама-каршылыгында ата-теги болгон Палестинаны ачык колдоп, соцтармактагы баракчаларына согуш талаасындагы сүрөттөрдү бөлүшүп турган. Мындай ачык саясий ойлор аны менен иштешкен бренддерди ойго салып, модель жарнамалаган товарларга зыян келиши мүмкүн деген кооптонуулар болгон. Мисалы, Dior компаниясы Белла менен иштешүүнү токтотуу керекпи деген ойдо болгон. 2024-жылы модель Adidas компаниясын сотко берген. Анткени компания саясий көз карашынан улам кроссовкилердин жарнама кампаниясынан моделди алып салышкан. Палестинаны ачык колдогон Белланын айынан израилдиктер товарга бойкот жарыялашы мүмкүн деп кооптонушкан. Моделдин юристтери сотко кайрылып, компанияга компенсация төлөп берүү талабын коюшкан. Көп өтпөй Adidas көпчүлүк алдында Белладан кечирим сураган билдирүүсүн жарыялаган.
Ден соолугу
Акыркы учурларда модель подиумдарга көп чыкпай жүрөт. Буга ден соолугундагы көйгөйлөр себеп. Кичинесинде кене чаккандан пайда болгон Лайма дартына (териге, муундарга, нерв системине жана жүрөккө таасир этүүчү, оорулуу кененин чаккан жери аркылуу жугуучу бактериялык инфекция. Алгачкы этапта шакекче сымал исиркектер, күйгөн сымал суу толгон ыйлаакчалар жана сасык тумоонукуна окшош симптомдор, ал эми кийинки этаптарында артрит, неврологиялык жана жүрөк оорулары менен мүнөздөлөт) кабылган. Оору маал-маалы менен өтүшүп, дарыланганда басаңдап турат. Бул дарттын айынан Белла стресс, депрессияга кабылганын, жүзүндөгү коркунучтуу ыйлаакчаларды күйөрмандарына ачык көрсөтүп, ойлору менен бөлүшүп турат. Ушул эле дарттын айынан бир учурда алкоголдук ичимдиктерге көз каранды болуп калганын, анан аны жеңгенин да айткан. Лайма дарты менен апасы жана иниси да жабыркайт.
Жеке жашоосу
Жеке жашоосу сүйүү романдарына бай. Анын жанындагы мырзаларга көз салсак: канадалык ырчы The Weeknd, модель Жон Кортахарена, арт-директор Марк Калман, спортчу Адан Бануэлос жана башкалардын ысымдары белгилүү.
Кызыктуу фактылар
* Белланын чоң энеси ханбийке Хайрия Хадид, ал эми чоң атасы профессор Анвар Хадид араб-израиль согушунан улам мекенин таштап, Голландияга көчүп кетүүгө мажбур болушкан. Белла дагы, эжеси Жиджи да чоң энесинин ысымын экинчи ат катары алып жүрүшөт.
* Модель болгонго чейин Малибудагы кафелердин биринде, андан сырткары шире саткан дүкөндө да иштеген.
* Малибудан Нью-Йоркко көчүп келгенден кийин Дизайн мектебине кирген, сүрөт тартуу өнөрүн өздөштүрө баштаган. Бирок моделдик көп убакытты алгандыктан, окуусун токтотууга туура келген.
* Өспүрүм кезинде Белла ат спортуна олуттуу кызыгуу жараткан. Алтургай Олимпиадага катышуу планы бар эле. Бирок кене чаккандан пайда болгон Лайма дарты анын катышуусуна тоскоол болгон.
* 17 жашында мас абалында рулга отурганы үчүн соттолгон. Жаза катары 25 саат коомдук жумуштарды аткаруу жана 20 саат анонимдүү аракечтердин жолугушуусуна катышуу милдеттендирилген.
* Моделдик түбөлүктүү кесип эмес экенин түшүнөт. Андыктан ишкерлик менен алектенет. Өзүнө таандык косметикалык бренди бар. Кийимдер коллекциясын да чыгарат.
* Кайрымдуулук иштерин көп кылат. Айрыкча айлана-чөйрөнү коргоо боюнча. Абаны тазалоо максатында 600дөн ашык бак тиктирген.
0


Супер-Инфо
super.kg видео

















