super.kg logo

Бишкек милициясы автомектеп жетекчисинин кармалганына түшүндүрмө берди

 

Бишкек шаардык милициясы жеке менчик автомектептин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу кармалганын билдирди.

Маалыматта meder.tagaibekovich деген аталыштагы Instagram баракчасында бийликтин беделин түшүрүүгө жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдар жарыяланганы аныкталганы айтылат.

Мындан улам факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Айдоочуларды даярдоо борбору" автомектебинин директору 31 жаштагы Тагайбек уулу Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин анын кармалып, 28-мартка чейин камакка алынганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: