Улуттук курама команда кышкы Олимпиадага жол тартты
Бүгүн, 2-февраль күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиадалык комитетинде XXV Кышкы олимпиада оюндарына катышуучу улуттук курама команданын спортчуларын узатуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев, улуттук курама команданын мүчөлөрү Тимур Шакиров (тоо лыжасы) жана Артур Сапарбеков (лыжа жарышы), машыктыруучулар, ошондой эле спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
"Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Казыбек Молдажиев спортчуларга дем-күч берип, Олимпиада оюндарында жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын намысын татыктуу коргоп келишине тилектештигин билдирди. Ал Олимпиадага катышуу ар бир спортчу үчүн чоң сыймык жана зор жоопкерчилик экенин белгилеп, бекем эрк, тартип жана жеңишке болгон ишеним ийгиликтин негизги факторлору экенин айтты.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Казыбек Молдажиев лыжачы Артур Сапарбековго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун салтанаттуу түрдө тапшырды.
Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат. Артур Сапарбеков болсо лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү мелдешке 13-февралда чыгат",- деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, XXV Кышкы олимпиада оюндары 6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















