super.kg logo

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Измирде кыргызстандык студенттер менен жолугушту

 

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков Түркия Республикасынын Измир шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Докуз Эйлюль" университетинин ректору, профессор, доктор Байрам Йылмаз жана аталган окуу жайда билим алып жаткан кыргыз студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу башкы консулдуктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандан келген студенттердин окуу жана жашоо шарттары талкууланган. Башкы консул Чыңгыз Токтобеков кыргызстандык студенттерге өзгөчө көңүл буруу жана окуу акысына жеңилдетилген шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен университет жетекчилигине кайрылды.

Өз кезегинде ректор Байрам Йылмаз учурда университетте болжол менен 70 кыргызстандык студент билим алып жатканын белгилеп, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Студенттер менен болгон жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жатакана маселеси көтөрүлдү. Ректор университет аймагында 3 миң орундуу жаңы кампус курулуп жатканын маалымдап, курулуш иштери аяктагандан кийин кыргызстандык студенттер үчүн кошумча орун бөлүү мүмкүнчүлүгү караларын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: