Комитет альтернативдик кызмат боюнча мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоого багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеевдин айтымында, документ альтернативдик кызмат өтөө, мобилизациялык резервдик жыйындарга жана запастагы офицерлерди даярдоо программасына катышуу үчүн белгиленген төлөмдөрдү тактоо максатында иштелип чыккан.
Талкуу маалында депутаттар төлөмдөрдүн көлөмүн негизсиз жогорулатууга жол берилбеши керектигин белгилешти. Алар мындай өзгөртүүлөр жарандардын социалдык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















