Ош облустук төрөт үйү капиталдык оңдоодон кийин ачылды
Бүгүн, 2-февралда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын капиталдык оңдоодон кийинки расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, капиталдык оңдоо иштери төрөт стационарынын жандандыруу, эне менен баланын бирге болуу, ымыркайлардын жандандыруу, төрөт бөлүмү, кабыл алуу, кош бойлуу энелердин патологиясы,операциялык залдар, борбордук стерилизация, клиникалык лаборатория бөлүмдөрүн камтыды.
Ошондой эле төрөт стационарына борбордоштурулган кычкылтек станциясы орнотулду. Кошумча операциялык залдар жасалып, палаталарга бейтаптар үчүн шарттар түзүлдү. Капиталдык оңдоо иштери имараттардын канализация, суу, жылуулук, ток, чатыр, фасад түзүмдөрүн толук камтыды. Андан сырткары бейтаптардын туугандары, коштоочулар үчүн күтүү залы уюштурулду.
Демөөрчүлөрдүн эсебинен жалпы суммасы 3 миллион 800 миң сомго барабар болгон каражатка кош бойлуу энелердин ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулду. Капиталдык оңдоо иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы суммасы 87 миллион сомду түздү.
Расмий ачылышка Саламаттык сактоо министринин орун басары Маткеримов Айбек, президенттин облустагы өкүлү Кенжебаев Аманкан, жана башка мекемелердин өкүлдөрү жана дарыгерлер катышты.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ошол мезгилден тарта бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес, мезгил-мезгили менен косметикалык оңдоодон өтүп турган. Аталган төрөт үйүндө бир жылдын ичинде 9-10 миңдей ымыркай жарык дүйнөгө келип, 20 миңдей кош бойлуу энелер дарыланып чыгышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















