Кытайда коррупцияга айыпталган экс-министрге сот чечими чыкты
Кытайдын мурдагы юстиция министри пара алганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда кабарланды.
Маалым болгондой, Кытайдын чыгышындагы Фуцзянь провинциясынын Сямэнь шаарындагы сот дүйшөмбү күнү мурдагы юстиция министри Тан Ицзюньду 19,7 миллион доллар пара алганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратты.
Сот 2006-жылдан 2022-жылга чейин Тан Йицзюнь Ляонин провинциясынын губернатору жана юстиция министри болуп иштеп турганда үчүнчү тараптардын жана компаниялардын кызыкчылыктарын колдоо үчүн кызматын пайдаланганын аныктаган. Ага ылайык, мурдагы министрдин аракети мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга өзгөчө олуттуу зыян келтирген.
Анын бардык жеке мүлкү конфискацияланганы белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















