super.kg logo

Айдоочулук күбөлүк: Өкмөттүн реформасы нааразычылык жаратты

 

Айдоочуларды даярдоо багытында өкмөттүн реформасы талкуу жаратууда. Бийлик “жол кырсыктарын азайтыш үчүн ушундай кадам зарыл” деп билдирсе, нааразылар “элди эзүүнүн бир түрү, ашыкча талап” деп сынга алып жатышат. Кененирээк төмөндө сөз кылалы.

Нааразычылык жана Туманбаев

Өткөн аптада Бишкекте жеке автомектептердин ээлери нааразычылык билдирип чыгышты. Алар айдоочуларды мамлекеттик автомектептер гана даярдаса, өлкөдө жумушсуздук күч алат, болочок айдоочуну 10 ай окутуу кымбатка түшөт деп бийликтин аракетин сынга алышты. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул жагдайга комментарий берип, буга чейин айрым жеке автомектептерде айдоочулук күбөлүктөр сатылып келгенин жана бул көрүнүш жол кырсыктарынын көбөйүшүнө, адам өлүмүнө алып келип жатканын айтты. Кыскасы, нааразы тарап айтып жаткан дооматтарга макул эмес.

Депутаттар да үн чыгарышты

28-январда парламентте 3 депутат айдоочуларды даярдоо жаатындагы жаңы талаптарды сынга алышты. Дастан Бекешев “айдоочулукка 10 ай окутуу көп” десе, Кундузбек Сулайманов “элде нааразычылык, чыңалуу күчөп баратат” деп чыкты. Улукбек Карыбек уулу маселе автомектептерде эмес, айдоочулук күбөлүк берген мамлекеттик мекемеде экенин эскертти. Бул маселе боюнча өкмөт 5-февралга Жогорку Кеңешке чакыртылды.

Президент “реформабыз туура” деди

Бул арада президент Садыр Жапаров чукулунан “Кабарга” маек куруп, бийлик баштаган ишинен артка кайтпай турганын билдирди. Жеке автомектептерди жаппай туруп реформа жасоого болбостугун айтты.

– Алардын негизги максаты – акча табуу. Жарандарыбыз автомектептерге документин тапшырып коюп эле, убактысы келгенде окуду деген сертификатка ээ болуп, андан ары “Унаага” барып, экзаменден өтпөсө деле айдоочулук күбөлүк алып жүрүшкөн. Бул жерде айдоочулук күбөлүктү берген “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте коррупциялык схемалар иштеген. Жеке автомектептерге кардарлардын көп болушу гана маанилүү болгон. Азыр арабызда колунда айдоочулук күбөлүгү бар, бирок унаа башкара албаган, “унаа алсам үйрөнүп кетем” деп жүргөн жаштарыбыз толтура,-деди президент Жапаров.

Ал эми айдоочулукка окутуунун баасы жана мөөнөтү боюнча президент Жапаров буларды айтты:

– Баасы кымбат болот имиш, 10 ай окутуу өтө узак деген манипуляцияларды уюштуруп жатышат. Жүз миң экен, жүз элүү миң экен деген маалыматтар болбогон сөз. Биз үчүн ар бир жарандын коопсуздугу, унаа башкарууга даярдыгы маанилүү. Кичине узагыраак окуп алсаңар өзүңөргө жакшы. Өзүңөрдүн унааңарда отурган жакындарыңардын эле эмес, башка жарандардын да коопсуздугун сактаган болосуңар.

Окутуу баасы 19 миң сом болот

28-январь күнү президенттик администрация жаранды айдоочулукка окутуунун баасы 19 миң сом болот деп маалымат таратты. Практика учурундагы бензин жана башка чыгымдарды окуучу өз чөнтөгүнөн төлөйт. Жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык, 2026-жылдын февраль айынын ортосунан тартып жаңы окутуу планы менен арыздар кабыл алына баштайт. Азырынча талкуу басыла элек, көп маалымат ушул жумада парламент жыйынында айтылмакчы.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: