Каирде эки дүкөн жер алдына түшүп кетти
Египеттин борбору Каир шаарында жер көчкүгө окшош окуя болуп, эки дүкөн жер алдына түшүп кетти. Бул тууралуу социалдык тармактарда тараган видеолордо имараттардын акырындык менен ылдыйлап, андан соң толугу менен жоголуп кеткенин көрүүгө болот.
Маалыматтарга караганда, окуя болгондон бир нече мүнөт өтпөй, диаметри болжол менен 15 метрге жеткен чоң жана терең чуңкур пайда болгон. Так ошол чуңкурга эки дүкөн түшүп кеткен.
Адистердин айтымында, мындай окуянын мүмкүн болгон себеби – жакын жерде жүрүп жаткан курулуш иштери. Коңшу тилкеде башка имараттын пайдубалын казуу учурунда жердин бекемдиги бузулган болушу мүмкүн.
Жергиликтүү полициянын маалыматына ылайык, окуя маалында дүкөндөрдө болгон эки адам аман-эсен куткарылган. Алар жеңил жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















