Адылбек Касымалиев БАЭге жумушчу сапар менен барды
Бүгүн, 2-февраль күнү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапарга вице-президент, премьер-министр жана Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум чакырган.
Сапар учурунда Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышып, БАЭнин жогорку даражалуу жетекчилери, министрликтер жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюу жана “Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн ‘Ак илбирс’ модели: мамлекеттик акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара өтүү пландалууда.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын демилгеси менен биринчи жолу саммиттин алкагында өткөрүлөт жана панелдик талкууларды камтыйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















