Франциянын ТИМ башчысы Иранды АКШнын талаптарына макул болууга чакырды
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро Иран бийлигин АКШнын сунуштарына макул болууга жана чыңалууну азайтуу үчүн олуттуу чечимдерге барууга чакырды. Бул тууралуу ал BFMTV телеканалына берген маегинде билдиргендигин басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, АКШ Иранга сокку урууга даяр, бирок ошол эле учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштап жатат. “АКШ Иранга сокку урууга даярданып жатат. Алар Иранга сүйлөшүүлөрдү сунушташты, эми Иран бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, чоң кадамдарга барып, өз позициясын радикалдуу түрдө өзгөртүшү керек”, - деди министр.
26-январда АКШнын президенти Дональд Трамп “чоң армада” Иран тарапка багыт алып жатканын билдирген. Ал Тегеран сүйлөшүү столуна отуруп, ядролук куралдан толук баш тартууну камтыган “адилет жана тең укуктуу” келишим түзүлөт деген үмүтүн айткан.
Америкалык лидер өткөн жылдын июнь айында АКШ ислам республикасындагы ядролук объекттерге сокку урганын эске салды. Бул операция “Полуночный молот” (Midnight Hammer) деп аталган. Ал “кийинки сокку андан да катуураак болот” деп эскертип, “мындай абалга жол бербөөгө” чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















