super.kg logo
  Саясат  

Ат-Башы районуна жаңы аким дайындалды

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими болуп Мухтар Шербаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шербаев буга чейин ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Белгилей кетсек, 21-январда район акими Эмилбек Абдыкадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. Ал президенттин жарлыгына ылайык, Чүй районунун акими болуп дайындалган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: