super.kg logo

Опера жана балет театрынын көркөм устаканасы жараксыз абалда экени аныкталды

 

Опера жана балет театрынын карамагындагы көркөм устакананын имараты учурда жараксыз абалда экени аныкталды. Имараттын эскилиги жетип, эксплуатациялык талаптарга жооп бербейт жана пайдаланууга ылайыксыз. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун эксперттик корутундусуна ылайык, аталган имарат жер титирөөгө туруштук бере албайт.

Буга байланыштуу көркөм устакананын ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз улантуу жана шарттарын жакшыртуу максатында эски имараттын ордуна шаар аймагынан башка жер тилкеси бөлүнүп, жаңы имарат куруу пландалууда.

Ал эми учурдагы эски имарат Финансы министрлигинин балансына өткөрүлүп берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: