super.kg logo

Жети-Өгүздө “Ак илбирсти коргоо-2026” фестивалы өттү

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында 31-январда “Ак илбирсти коргоо-2026” аттуу фестиваль өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль ак илбирсти коргоо, жаратылыш-маданий мурастарды жайылтуу, экотуризмди өнүктүрүү жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында уюштурулду. Анын алкагында нефрит ташы жайгашкан аймакта кароо аянтчасы жана көпүрө салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чарада президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу экенин жана тоо экосистемасынын маанилүү көрсөткүчү болуп саналарын белгиледи. Ал бул багыттагы иштер Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгынын (2023-2027) алкагында жүргүзүлүп жатканын айтты.

Фестивалдын жүрүшүндө көргөзмөлөр, сынактар, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук тамак-аштар көрсөтүлүп, иш-чарага 2000ден ашуун адам катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: