Өздөрүн банк кызматкерлери катары тааныштырып алдамчылык кылууга шектелгендер кармалышты
Өлкөдө телефон шылуундугуна байланыштуу кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, алар WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенжерлери аркылуу жарандарды алдап, банк карталарын сатууга көндүрүп келишкен. Алар Telegram аркылуу "Скамерам" деп аталган эл аралык алдамчылар менен иштешип, жарандарды үн менен манипуляция кылып турушкан. Шектүүлөр Улуттук банктын кызматкерлери, башка мамлекеттик кызматкерлердин атынан кыргызстандыктарга чалып, аларды террористтик уюмдарга катышы бар, каржылаган деп айыптап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутушкан.
Ошол эле учурда, жогоруда аталган кылмыштуу топ жасалма бланктарды жана кол тамгаларды колдонуп, УКМКнын жетекчилигинен, террористтик уюмдарды каржылоого катышкан деген айыптоолор менен жабырлануучуларга каттарды жөнөтүшкөн.
Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү адамдар кармалышты.
- 2008-жылдын 19-февралында туулган А.Б. аттуу жаран Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын 14-түзөтүү колониясында эки айга эркинен ажыратылды;
- 2006-жылдын 9-июлунда туулган А.Э. аттуу жаран эки айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынды;
- 1999-жылдын 22-майында туулган, мурда соттолгон Р.Ш. аттуу жаран эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камалды;
- 2001-жылдын 12-ноябрында туулган, мурда каракчылык, алдамчылык менен соттолгон Ж.К. аттуу жаран эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камалды;
- 2009-жылдын 12-февралында туулган Т.Б. ата-энесинин милдеттенмесинин астында бошотулду;
- 2004-жылдын 30-апрелинде туулган, мурда адам өлтүрүү, алдамчылык менен соттолгон A.у.С. аттуу жаран эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камалды;
- 2008-жылдын 24-сентябрында туулган А.А. ата-энесинин милдеттенмеси астында бошотулду;
- 2009-жылдын 18-июлунда туулган К.И. ата-энесинин милдеттенмеси астында бошотулду;
- 1996-жылдын 1-июнунда туулган Ж.С. эки айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.
Учурда УКМК өлкө аймагындагы телефон алдамчыларынын башка шериктерин аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды улантууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















