super.kg logo

Каза болгон уулунун аты менен коркутуп, 7 миллион сом талап кылгандар кармалышты (видео)

 

Бишкек шаарында каза болгон уулунун аты менен коркутуп 7 миллион сом акча талап кылган шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ж.З. аттуу жаран кайрылып, өзүн Хамза жана Али деп тааныштырган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Анын айтымында, аталган адамдар маркум уулунун атына тиешелүү деп көрсөтүлгөн карыздык милдеттенмелерди шылтоо кылып, мыйзамсыз түрдө 7 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылышып, акчаны берүүдөн баш тарткан учурда зомбулук көрсөтүү менен коркутушкан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча каражатын талап кылып жаткан жеринен 2005-жылы туулган К.Н. жана 2001-жылы туулган Т.Х. аттуу жарандар кармалышкан. Кийинчерээк 1986-жылы туулган Ж.А. аттуу үчүнчү катышуучу - кылмыштын уюштуруучусу кармалган. Анын жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, кылмыштуу топ тарабынан пайдаланылган унаа каражаты алынган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.А. жабырлануучу менен бир нече жылдан бери тааныш болгону, анын мүлктүк абалы жана үй-бүлөлүк жагдайлары тууралуу маалыматка ээ болгону аныкталган. Жабырлануучунун уулунун каза болгонунан пайдаланып, ал акча талап кылуу кылмышын уюштуруп, башка адамдарды тартуу менен алардын аракеттерин жетектеген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.






Каза болгон уулунун аты менен коркутуп, 7 миллион сом талап кылгандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: