super.kg logo

Сокулукта үч бала көлмөгө чөгүп каза болду

 
Чүйдүн Сокулук районунда төрт жаштагы үч бала көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу облустук милиция 3-февралда билдирди.
Ага ылайык, 2-февралда Сокулук РИИБиге Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Майская айылындагы каналга үч жашы жете элек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барганда үч баланын сөөгү каналдан чыгарылганы, балдар "Тез жардам" кызматы келгенге чейин каза болуп калышкандыгы аныкталган.
Балдар күн сайын чогуу ойноп турушкан, кошуна жашап, туугандык байланышы бар болгон. Канал алардын жашаган үйлөрүнөн болжол менен 300 метр аралыкта жайгашкан. Ошондой эле аталган канал айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу толтурулгандыгы, анын айланасында тосмо жоктугу жана жээктери муз болуп тоңуп тургандыгы белгилүү болгон.
Балдар менен чогуу ойноп жүргөн 4 жаштагы бөбөк апасына келип, окуя тууралуу билдирүүгө аракет кылган. Баласын түшүнө албаган эне ээрчип барганда гана суудагы балдарды көрүп жардам чакырган.
Каза болгон балдардын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Текшерүү иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: