Таластагы алтын кенинде болгон кырсык өкмөт башчынын көзөмөлүндө
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Таластагы Жер-Үй алтын кенинде катталган каргашалуу окуяны жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди."Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин тактоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Министрлер кабинети кырсыктын бардык жагдайларын дыкат көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүшүн камсыздайт",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.
Айта кетсек, алтын кенде болгон кырсыкта бир адам каза болгон. Окуя 27-январда алтын кенинде казуу иштерин жүргүзүп жаткан учурунда болгон. Анда маркумдан тышкары, 45 жана 44 жаштагы жарандар жабыркаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















