super.kg logo

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон эт азыктары бажы төлөмүнөн бошотулат

 

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон эт азыктары бажы төлөмүнөн бошотулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, тарифтик жеңилдик уюмга мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, импорттоочу уюмдар, товарлардын номенклатурасы жана көлөмү көрсөтүлгөн ырастоочу документ болгон учурда берилет. Жеңилдетилген чийки затты колдонуу менен өндүрүлгөн даяр эт продукциясын ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына чыгарууга тыюу салынат.

Ири мүйүздүү малдын этине болгон жеңилдиктин мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрына чейин болот. Көлөмү 5 миң тоннадан ашпашы шарт Жеңилдик төмөнкү товарларга колдонулат:

  • жаңы же муздатылган бодо малдын эти;
  • тоңдурулган бодо малдын эти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: