Сабак учурунда окуучуларга кол көтөргөн мугалим жоопкерчиликке тартылды
Ысык-Көл облусунда дене тарбия мугалими сегизинчи класстын окуучуларына зомбулук көрсөткөн. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 28-январь күнү Чырак айылынын тургуну К.К. Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал арызында уулу - сегизинчи класстын окуучусу жана анын классташтары ошол эле күнү сабак учурунда дене тарбия мугалими Ж.К. тарабынан сабалып, зомбулукка кабылганын билдирген.
Арыз катталып, тиешелүү текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 28-январь күнү саат 11:00 чамасында Чырак айылындагы орто мектепте диний сабак маалында 1996-жылы туулган мугалим Ж.К. тарбиялык максатта сегизинчи класстын төрт окуучусун урганы аныкталган.
Окуучулардын денесине залал келтирилген-келтирилбегенин аныктоо үчүн төрт балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок балдардын мыйзамдуу өкүлдөрү - ата-энелери мугалимге дооматтары жок экенин билдирип, экспертизадан баш тартуу тууралуу кайрадан арыз жазышкан.
Аталган жагдайдан улам кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Мугалим Ж.К. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 56-беренеси - "Уруу" боюнча жоопкерчиликке тартылган.
Белгилей кетсек, бул берене денеге оор залал келтирбестен физикалык ооруну пайда кылган ур-токмок үчүн 40 саатка чейин коомдук иштерге тартууну же үчтөн жети суткага чейин камакка алууну карайт.
Ал эми окуянын видеосу буга чейин социалдык тармактарга тараган болчу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















