super.kg logo
  Саясат  

Курулуш министрлигинде 500 миң сом айлык акыны кимдер алышат?

 

Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу министрликте архитекторлор менен технологдор жогорку эмгек акы алышарын айтты.

Ал бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинын жыйынында архитекторлор башка кесип ээлеринен айырмаланып жогорку окуу жайды 6-7 жыл окушарын, алардын кесиби оор экенин белгиледи. Министрдин орун басары алар долбоорлорду кымбат чийишерин мисал кылды.

"Биз министрликтеги архитекторлордун эмгек акысын жеке менчик уюмдардагы архитекторлордукуна теңеш үчүн ушундай кырдаал болуп жатат. Мисалы, Чороев деген бир айда 477 368 сом алган. Бирок ал 4 миң гектардын топографиялык карталарын түшүргөн. Министрликте иштегендердин баары эле 500 миң сом албайт. Архитекторлор менен технологдор алышат. Кыргызстан боюнча болгону 8 технолог бар",- деди Иманакун уулу.

Айта кетсек, курулуш министри Нурдан Орунтаев министрликте орточо айлык акы 150 миң сомду түзөрүн, айрымдары 500 миң сомго чейин алышарын айткандан кийин коомчулукта кызуу талкуу башталган.

Жогорку Кеңештин 28-январдагы жыйынында айрым депутаттар Курулуш министрлигинен айтылган айлык акы боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан.







Курулуш министрлигинде 500 миң сом айлык акыны кимдер алышат?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: