super.kg logo

"Манас" аэропортунда Нипах вирусуна байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү (видео)

 
Нипах вирусуна байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортунда санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги 3-февралда билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, учурда бул вирустук оорунун очогу катталган Индиядан келген жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл бурулууда. Саламаттык сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев жумасына бир жолу аткарылуучу Бишкек - Дели - Дели - Бишкек эл аралык абакатттамында санитардык-карантиндик көзөмөлдүн уюштурулушун текшерип, жугуштуу оорулардын белгилери бар жүргүнчүлөрдү өз убагында аныктоо иштерине баа берди.
2026-жылдын 1-февралында Индиядан Кыргызстанга 158 жүргүнчү учуп келди. Учурда эпидемиологиялык кооптуу абал катталган жок, бардык келген жүргүнчүлөрдүн ден соолук абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында эл аралык каттамдар менен келген бардык жүргүнчүлөрдүн дене табын милдеттүү текшерүүдөн өткөрүлөт. Дене табы 37,5 градустан жана андан жогору болгон учурларда жүргүнчүлөр дароо изоляцияланып, белгиленген тартипте тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт.





Кыргызстанда Нипах вирусуна байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: