Өлкөдө айлыкты кечиктирген иш берүүчүлөргө айыптын бирдиктүү пайызы белгиленди
Бүгүн, 3-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу эскертти.Мекеменин маалыматы боюнча, айыптын бирдиктүү пайызы белгиленди.
"Эми иш берүүчү эмгек акыны, өргүү акысын, жумуштан бошотуу учурундагы эсептешүүнү же башка төлөмдөрдү кечиктирсе, ал ар бир кечиктирилген календардык күн үчүн төлөнбөй калган акча суммасынан эсептешүү жүргүзүлгөн күнгө карата кошумча 0,25 пайыз төлөөгө милдеттүү. Ошондой эле доо коюу мөөнөтү аныкталды. Эгер иш берүүчү эмгек акыны өз убагында төлөбөсө, кызматкердин сотко кайрылып, каражатты өндүрүп алуу үчүн 3 жылдык мөөнөтү бар. Эсептөө эмгек акы төлөнүшү керек болгон күндөн баштап жүргүзүлөт",- деп белгиленген маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















