super.kg logo
  Саясат  

Комитет жыйынында депутат Түмөнбаев менен чиновник сөз талаша кетти (видео)

 

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу менен сөз талаша кетти.

Алардын талашынын себеби Каракол шаарындагы оорукана болду. Түмөнбаев буга чейин эмес, акыркы бир жыл аралыгында ооруканага байланыштуу кандай иштер аткарылгандыгына кызыкты.

"Оорукананын котлованы казылып калган. Былтыр барганда сиз жүргөнсүз, Нурдан Кемелович жүргөн. Эмне аткарылды?",- деди депутат

Министрдин орун басары буга чейин ал ишти ким ишке ашырбай жүргөндүгүн айтуу керектигин билдирип, 1 жылдан бери айыл өкмөт жерди трансформациялоо иштерин жүргүзгөнүн айтты. Ошондой эле каражат бөлүнбөгөнүн белгилеп, быйыл иш жүрө тургандыгын кошумчалады.

"Акча бөлүнбөсө, эмне кылып салалы? Айтсаңыз? Быйыл долбоорго киргиздик. Ошол жерди баштайбыз",- деди Талантбек Иманакун уулу.

Эмоцияга алдырган чиновникке комитет жетекчиси тарабынан эскертүү берилди.

Ал эми эл өкүлү министрликти реалдуу багыттарга токтолуп, толук аткарылган гана иштерди айтып мактанууга чакырды.






Комиетет жыйынында депутат Түмөнбаев менен Курулуш министринин орун басары сөз талаша кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: