Ак-Сууда суу чарбанын мурдагы жетекчиси кармалды
Ысык- Көл облусунун Ак-Суу райондук суу чарбасынын мурдагы жетекчиси О.С. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, ал 2018-2025-жылдар аралыгында мекемеге таандык экскаваторду жеке кызыкчылыгы үчүн үчүнчү жактарга ижарага берип турганы аныкталды.
Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, ижарадан түшкөн 625 миң сом суу чарбанын расмий эсебине которулган эмес. Бул акчалар О.С. тарабынан ыйгарылып алынган. Учурда экскаватор колдонууга жараксыз. Баалоо боюнча, экскаватордун базар баасы 800 миң сомду түзөт. Анын мамлекетке келтирген жалпы зыяны 1 миллион 425 сом сом деп бааланууда.
Мындан улам, суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчиси О.С. Каракол шаарындагы тергөө абагына камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















