Кара-Сууда бир тууганын өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кара-Суу районунда бир тууганын өлтүргөн деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-февралда Жалал-Абад облусунун тургундары - 45 жаштагы Ж.А. жана анын 35 жаштагы иниси Ж.К. майрамдан кайткан учурда жолдо талаш-тартышка барып, мушташ чыгарышкан. Баштапкы версия боюнча, Ж.К. мас абалында бычак алып чыгып, улуу бир тууганына сайган. Андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Ж.А. алган жаракатынан улам каза болгон.
Милиция кызматкерлери шектүүнү тез арада кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.
Окуя болгон жерде тергөө иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык жана башка керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө аракеттери улантылып жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















