Кытайда кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлүм жазасына тартылышты
Кытайдын түштүгүндө Мьянмадагы онлайн-алдамчылык борборлоруна байланыштуу кылмыш иши боюнча төрт адам өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Шэньчжэнь шаарындагы сотунун 2-февралда берген маалыматына таянып билдиришти.
Маалыматтарга караганда, алар Бай аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп, Мьянманын аймагында ири кибер-алдамчылык борборлорун башкарып келишкен. Сот алардын иш-аракеттеринин натыйжасында 14 Кытай жараны каза болгонун аныктаган. Сот өкүмү 2025-жылдын ноябрь айында чыгарылып, айыпталуучулар "Атайылап киши өлтүрүү", "Алдамчылык", "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу" жана башка оор беренелер боюнча күнөөлүү деп табылган. Кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү баңгизат өндүрүү жана сатуу менен да алектенгени белгиленген.
Мындан тышкары, 29-январда Вэньчжоу шаарында дагы бир Мин аттуу уюкан кылшмыштуу топтун 11 мүчөсү ушундай эле кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартылган.
Кытай бийлиги акыркы жылдары Мьянма, Таиланд жана Камбоджа менен биргеликте онлайн-алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүп, чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кибер-кылмыш борборлорун жоюу аракеттерин көрүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















