super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги эски үйлөр текшерүүдөн качан өтөрү айтылды (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев парламенттин тармактык комитетинин 3-февралдагы жыйынында Бишкекте реновация боюнча аткарылып жаткан иштерге кызыкты.

Эл өкүлү курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулуна "Бишкекте реновация боюнча бардык эски үйлөрдү карап чыгабыз деп айтып чыктыңар эле. Азыр ушул иштер кандай жүрүп жатат?" деп собол узатты.

Министрдин орун басары учурда Бишкек шаарынын башкы планы кабыл алынып жатканын белгилеп, кийинки этапта реновация боюнча иштер жүргүзүлө турганын билдирди.

Белгилей кетсек, курулуш министри Нурдан Орунтаев 2025-жылдын декабрь айында Бишкектин реновация мыйзамы иштелип чыкканын билдирип, Жогорку Кеңешке кароого киргизилерин айткан. Министр мыйзамда жарандардын укугун коргоо биринчи орунда экенин кошумчалаган.








Бишкектеги эски үйлөр текшерүүдөн качан өтөрү айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: