Караколдо 30 гектар айыл чарба жери мамлекетке өткөрүлдү
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Масанчы аймагындагы болжол менен 30 гектар айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, көрсөтүлгөн жер тилкелери "Жемиш" акционердик коомунун курамынан мыйзамсыз чыгарылып, акционерлер менен кызматкерлерге бөлүштүрүлгөн. Жалпы аянты 30 гектар болгон аталган жер тилкелери шаарды кеңейтүү максатында ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилди. Ал жерде муниципалитет жаңы турак жай комплексин жайгаштырууну пландаштырууда, анын болжолдуу баасы 22 миллион сомдон ашат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана башка объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ишин улантууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















