Президент Садыр Жапаров депутаттарга кайрылды (видео)
Президент Садыр Жапаров депутаттарды популизмден алыс болууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы "Унаа" мекемесине жарандар менен жолугушууга барганда айтты.
Өлкө башчысы эл өкүлдөрүнө кайрылып, маселелерди айтуу алдында терең изилдеп, талдап, жети өлчөп, бир кесип анан айтууга чакырды.
"Депутаттардан дагы бир жолу суранам, ушундай маселелер чыкканда нааразычылык айткан элди бир залга топтоп, сүйлөшүп, өкмөт тараптан өкүлдөрдү чакырып, талкуу кылып, анан микрофонго барып айтса жарашат",- деди президент.
Бүгүн, 3-февралда Садыр Жапаров мамлекеттик "Унаа" мекемесине жарандар менен жолугушуу өткөрүү үчүн барганы айтылган.
Видео: Медер Шерметалиев
Садыр Жапаров депутаттарга кайрылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















